Түркияда кечээ, 20-февралда кечинде кайрадан жер титирөөлөр (күчү 6,4 жана 5,8 баллга жеткен) катталды. Жергиликтүү басылмалар жер титирөөнүн очогу Түркия-Сирия чек арасынан анча алыс эмес Хатай провинциясында болгонун жазып чыгышты.
Кырсыктан 3 адам каза болуп, 300гө жакыны жаракат алган, алардын 18инин абалы оор.
Белгилей кетсек, сейсмологдор 6-февралда биринчи катталган Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн кийин бир ай ичинде кайрадан кайталанышы мүмкүндүгүн айтып чыгышкан.