МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Адахан Мадумаров Алмазбек Атамбаев тарапташтарын куттуктады

15.02.2023

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарапташтарын абактан чыгышы менен куттуктады.

Эл өкүлү белгилегендей, эми экс-президентти күнөөлөгөндөрдүн жоопкерчилигин кароо зарыл.

«Маселе ошол кезде кабыл алынган чечимдерде болгон, бул чечимди кабыл алгандардын жоопкерчилигин караш керек», – деди Адахан Мадумаров.

Кечээ, 14-февралда Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иши жаңы соттук териштирүүгө жөнөтүлгөнү белгилүү болду. Жогорку сот буга чейинки өкүмдөрдү жокко чыгарды. Мурдагы мамлекет башчысына дарылануу үчүн өлкөнүн сыртына чыгууга да уруксат берилген.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram