МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

ИИМде бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду

15.02.2023

Ички иштер министринин буйругу менен милициянын полковниги Улан Бердибаев ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын биринчи башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулду. Ал Бишкек ШИИББнин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды.

ИИМдин маалыматына караганда, Азизбек Ташболотов Ош ШИИБнин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, Кара-Суу РИИБнин ыкчам иштери боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Чынгыз Айтимбетов Ош облусунун Кара-Суу РИИБнин ыкчам иштери боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Ош шаардык милициясынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалды.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram