Казакстандын Петропавловск шаарында 9-класстын окуучусу мектепке балта жана бычак алып келип, жогорку класстын окуучуларына сабак башталаар алдында кол салган. Бул тууралуу “Petropavlovsk.news” басылмасы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал үч баланы – эки эркек бала жана бир кызды жарадар кылган. Эки бала башынан жана билегинен бычактан алган жаракаттары менен ооруканада жатат, үчүнчү балага жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Мектепте тергөө тобу бар. Милиция кызматкерлери тарабынан жашы жете элек Д. кармалып, Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жашы жете элек бала психиатриялык каттоодо турат. Анын аракетине жана мектеп жетекчилигинин ишмердүүлүгүнө сотко чейинки тергөөнүн алкагында юридикалык баа берилет.
Түндүк-Казакстан облусунун билим берүү башкармалыгы балдар мектептин кире беришинде тинтилбей тургандыгын белгиледи.