МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Клара Сооронкуловага дагы бир айып тагылды

10.02.2023

Кемпир-Абад окуясы боюнча кармалган Клара Сооронкуловага дагы бир айып тагылды. Маалыматты Kaktus.media сайтына жактоочу Чынара Жакупбекова билдирди.

Айтымында, айыпталуучу Мирлан Ураимовго таандык билдирүүнү Facebook`тан бөлүшкөнү үчүн бийликти кулатууга чакырык жасаган деп айыпталууда.

“Билдирүү Ураимовду коргоо максатында уюштурулган #камасаңар баарбызды камагыла флешмобунун алкагында жарыяланган. Пост дээрлик бир жыл мурун жарыяланган, ошол эле маалда УКМК экспертиза дайындаган, бирок иш козголгон эмес. Эми алар Кемпир-Абад окуясы боюнча эч нерсе таппай, бир жыл мурунку басылмалардан кынтык издөөнү чечишти”, – деп белгиледи жактоочу.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram