Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Алардын сүйлөшүүсү 7-февралда болгонун президенттин администрациясынан кабарлашты.
Садыр Жапаров дагы бир жолу Кыргызстандын элинин жана жеке өзүнүн атынан жер титирөөлөрдүн кесепетинен улам көп сандаган адамдардын өлүмүнө байланыштуу түрк элине жана анын лидерине көңүл айтты. Ал каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына сабырдуулук, ал эми жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.
Өлкө башчы ушул кыйын учурда Кыргызстан боордош Түркиянын жанында болгонун жана кошумча гуманитардык жардам түрүндө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине кыйын учурда колдоо сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирди