Ош облусунун Ноокат районунда 15 жаштагы окуучу асынып алган абалда табылды. Бул тууралуу обулстук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 9-декабрда Ноокат РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда 2007-жылы туулган өспүрүм бала асынып алганы кабарланган.
Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки тергөө амалдары башталды.
Башкармалыктан Кыргыз Республикасынын Балдар Кодексинин 94-беренесине ылайык, окуянын жагдайлары жана кеңири маалымат берилбей турганын кошумчалашты.