МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

УКМК Казакстандан күйүүчү майды мыйзамсыз ташыгандарга бөгөт койду

12.12.2022

Республиканын аймагына күйүүчү-майлоочу майларды алып келүү жана сатуу боюнча мыйзамсыз канал уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иш-чарада узак убакыт бою Казакстандан күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып келүүнү уюштуруп, эсепке алынбаган продукцияларды жасалма документтер менен салык органынын кызмат адамынын катышуусу менен легалдаштырып, андан ары негизинен республиканын түштүк аймактарына сатууну уюштурушкан адамдар аныкталды.

Ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө мыйзамсыз каналдын уюштуруучулары Ш.М. жана Д.О., ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгынын башкы инспектору М.Т. кармалышып КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан бул кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram