МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Жапаров Президенттин тапшырмаларын аткарбаган жетекчилер эмне болоорун айтты

21.11.2022

Ушул жылдын болжол менен 20-декабрында бүт министрлик, агенттиктердин жетекчилеринин ишинин жыйынтыгы чыгарылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү, 21-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Ал белгиленген планды, президенттин жана анын тапшырмасын аткарбаган жетекчилер менен коштошо тургандарын айтты.

“Жакында эле төрт министр менен коштошконбуз (ред:. энергетика министри Доскул Бекмурзаев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев). Биз эч кимисин аяп, же болбосо ал менин тууганым, досум экен дебейбиз”, – деди ал.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

82 300

Акыркы кабарлар