Экс-депутат Канат Исаевдин баш коргоо чарасы бүгүн, 21-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда каралды. Соттун чечими менен экс-депутат 23-декабрга чейин камакта калтырылды.
Эске салсак, 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.