МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Ноокенде арыктан колу, буту байланган абалда эркек кишинин жансыз денеси табылды

27.10.2022

Бишкек-Ош унаа жолунун 488-чакырымында арыктын ичинен эркек кишинин каза болгон жансыз денеси табылды. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, маркумдун сөөгү 26-октябрда аныкталды.

Бул маалымат Ноокен РИИБи тарабынан маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлгөн.

Кароо учурунда маркумдун денесинде жаракаттар бар экени аныкталды. Ошондой эле колдору жана буттары жип менен байланып көмкөрөсүнөн жаткан абалда табылды.

Аталган факты боюнча 122-берене (Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.

Жансыз денеге соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-химиялык, соттук-гистологиялык жана башка керектүү экспертизалар дайындалды. Тергөө тарабынан маркумдун аты-жөнүн тактоо жана кылмыштын бетин ачуу максатында атайын тапшырмалар, багыттамалар берилип, тиешелүү кызматтар тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканы маалым болду.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

82 300

Акыркы кабарлар