Бишкекте SuperTV каналынын кабарчысы Бактурсун Жоробеков белгисиз адамдар тарабынан сабалды. Бул тууралуу аталган телеканалдан билдиришип, кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн дешет.
Маалым болгондой, окуя кечээ, 26-октябрда саат 23:30 чамасында Бишкектин Ленин районунда орун алды. Анда Бактурсун Жоробековду белгисиз 4 жаран сабап кетишкен. Кечээ күнү редакциянын номерине белгисиз жаран Жоробековду издеп чалган, ага чейин да чалуулар болуп, аны коркутуп-үркүтүп жүрүшкөн.
“Белгисиз жарандар дарыканадан чыкканымда жаныма келишип, бети-башымды уруп-согуп, тепкилеп баштады. Анын ичинен бирөө “Бул SuperTV”нын журналисти” деп, мени камерага тартып киришти. Качан эсимди жоготконумду билбейм, эсиме келип, үйгө келсем, саат 4:30 болуп калыптыр”, – деди Бактурсун Жоробеков.
Жабырлануучу Ленин райондук милициясына арыз менен кайрылды.