Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев 23-октябрда белгилүү саясатчылар кармалды деген айрым кесиптештеринин билдирүүсүнө макул эместигин билдирди.
Депутаттын айтымында, массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген айып менен кармалгандардын арасында белгилүү саясатчылар жок.
«Кармалгандар “дүжүр” саясатчылар. Аларга бийлик берилсе мактай башташат, бербесе сындашат. Бул ОБОН. Белгилүү саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Медеткан Шеримкулов, Жумагулов, Садыр Нургожоевич жана Камчыбек Ташиев», – деди депутат.