Кыргызстандыктар ноябрь айында төрт күн катары менен эс алышат.
Эске салсак, 2017-жылдын 26-октябрында экс-президент Алмазбек Атамбаев жыл сайын 7-8-ноябрь күндөрү белгиленүүчү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө тууралуу жарлыкка кол койгон.
Быйыл 7-8-ноябрь дүйшөмбү жана шейшемби күндөрүнө туура келет. Ошондуктан беш күндүк иш графиги менен иштеген жарандар 5-8-ноябрга чейин эс алышат.
Кошумчалай кетсек, мектептерде күзгү каникулдар 31-октябрдан 6-ноябрга чейин болот.