МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Депутат дагы бир министрлик түзүүнү сунуштады

27.10.2022

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев спорт министрлиги түзүүнү сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында, учурда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен спортту бөлүп, өзүнчө министрлик түзүү боюнча токтом долбоору даярдалып, төрагага сунушталган.

«Спорт министрлиги эмне үчүн керек деп сурап калышыңар мүмкүн? Биринчиден, спортчулар Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жатат. Экинчиден, өлкөдө жарым миллиондон ашык такай машыккан спортчу бар. Токтомдо эмне себептен министрлик кылуу керектиги боюнча жазылган. 1950-жылга чейин агенство болуп келген. Азыр министрлик беш тармак менен иш алып баргандыктан, спортко көңүл бурулбай жатат. Бүгүнкү күндө министрликтин астында 100дөн ашык федерация бар. Алардын 60тан ашыгы эмне иш алып барганы белгисиз, бирок бюджеттен жыл сайын акча бөлүнөт» , — деди ал.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

82 300

Акыркы кабарлар