Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Өзбекстандын Самарканд шаарына кетишти.
Анда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындары өтөт.
Иш сапардын алкагында Нурланбек Шакиев КМШ ПАА кеңешинин жыйынына, КМШга кирген өлкөлөрүн парламент башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.
Ошондой эле КМШ ПААнын 54-пленардык жыйыны, туруктуу комиссиялардын отуруму, Чыңгыз Айтматов атындагы КМШ ПААнын сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт.
Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Искендер Матраимов, Аида Исатбек кызы, Алишер Козуев, Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу, Жылдыз Таалайбек кызы жана Талайбек Масабиров бар.