Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров кармалган 23 активист, экс-депутаттар боюнча маалымат угууну сунуштады.
“Эч нерсе болбогондой мыйзам долбоорлорун талкуулай албайбыз. Андай кылсак, эл өкүлү деген наамга татыксызбыз. 23 адам кармалды. Ар биринин артында беш үй-бүлө турганы менен болгон окуя жүздөгөн адамдарга тийип жатат. Качан министрлер кабинети же президент суроолорду киргизип, аларды зарыл материалдарсыз жана шашылыш түрдө кароону талап кылышса, Жогорку Кеңеш муну кубануу менен кабыл алат, биринчи жолу бул маселени кезексиз тартипте кароону суранам», – деди. Мадумаров.
депутат Фархат Исмаилов бул сунушка каршы чыкты.
«Кимде-ким өлкө башчысына каршы сүйлөй турган болсо, ал күндү карап таш урган менен барабар. Ал таш сиздин өзүңүздүн башыңызга тийиши мүмкүн. Мамлекетте 30 жылда азыркы өлкө башчысындай эч ким иш алып барган эмес. Сиз өлкөгө бир кирпич алып келген эмессиз. Азыр сизге тең келе турган бул жерде жигит мүнөз адамдар аз. Сизге бир гана аял киши тең келбесе, сиз бул жерде жөн жерден пиар иштеп, дүрбөлөң кылбаңыз», — деди ал.