Президент Садыр Жапаров Си Цзиньпинди Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады.
Жапаров соңку жылдары кыргыз-кытай мамилелери динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын белгилеп, мамлекеттердин ортосунда саясий ишеним бекемделип, соода-экономикалык кызматташтык кеңейип, ынак коңшулук жана достук тереңдеп жатканын айтты.
«Эки өлкө “Бир алкак, бир жол” долбоорунун алкагында саясий ишенимдин негизинде тыгыз кызматташууда бир катар ири биргелешкен долбоорлорду ишке ашырды, бул биздин элге реалдуу пайда алып келүүдө. Ушул жылдын февраль жана сентябрь айларында сиз менен Пекинде жана Самаркандда эки жолу жолугушуу өткөрдүк, анын натыйжасында эки тараптуу мамилелердин кеңири тармактарында көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча макулдашууларга жетиштик. Кыргыз-кытай мамилелеринин бүткүл комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешкен конструктивдүү ишти улантууга даяр экенимди билдирем» , — деп айтылат куттуктоодо.