МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Жылдызкан Жолдошова активисттер, саясатчылардын кармалышы боюнча: Өлүмдөн башкасы чечилет

24.10.2022

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин мурдагы тарапташы Жылдызкан Жолдошова Кемпир-Абад суу сактыгычы боюнча маселе бардык жарандык коомдун өкүлдөрү, анын ичинде оппозиция менен биргеликте чечилиши керек болчу дейт. Мындай пикирин ал Kaktus.media`га билдирди.

Айтымында, күн мурда саясатчылардын кармалышы аны таң калтырды. Жолдошова “Тажикстандын агрессиясы болуп жатканда бардык саясий күчтөрдү бириктирүүнү бийликке сунуштаганын” баса белгиледи.

“Ал мындан ары деле кол салат. Мындай кыйын кырдаалда бийлик өзү эле биригүүнү колго алыш керек болчу. Ошол кармалгандардын баары төңкөрүштү каалап жаткан болсо бул башка маселе. Ал эми алар ушундай жол менен өздөрүнүн ойлорун билдиргиси келип жаткан болсо суроо башка жакта. А бирок массалык кармоолор жакшылыкка алып келбейт, өзгөчө аялдарды кармоо”, – деди ал.

Эсиңиздердеби, журналист Замира Сыдыкованын кармалганы? Ошондо Аскар Акаевдин президент катары рейтинги нөлдөн төмөн түшүп кеткен.

Жылдызкан Жолдошова бийлик ички жана тышкы саясий күчтөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бардык көйгөйлөрдү дипломатиялык жол менен чечүү зарылдыгын белгилейт.

“Тилекке каршы, мындай чечим болгон жок. Адилеттүлүк үчүн айтып коёюн, орун алып жаткан окуяларды жеке максаттагы өч алуу деп атай албайм. Интернетке тараган сүйлөшүүлөрдү уктум, бирок анда “кетсин” деген сөздү уккан жокмун. Баары Кемпир-Абад маселесине кабатыр болуп жатышты. Кемпир-Абад боюнча жыйындын маанисине кире алган жокмун. Бирок бийлик эмнеге диалогго барбай жатат? Мага түшүнүксүз”, – дейт саясатчы.

Өлүмдөн башкасынын барын чечсе болот. Баары биригип, анын ичинде чыгаан ишмерлерибиз менен да сүйлөшүү жүргүзүлүшү керек. Кемпир-Абад берилбеши абзел, мен бул пикирди башында эле айткам жана калктын каршылыгы тууралуу эскерткем”.

Бийликтин туура эмес кадамдарын айтканы үчүн саясатчынын жолдошу, уулдары кызматтан алынган. Жолдошова бул аракеттерге таарынбай турганын белгилейт.

Мен муну көтөрөм. Бирок өз элине, мамлекетине мындай мамиле жасоого болбойт. Маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү керек”, – деп кошумчалады.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

82 300

Акыркы кабарлар