МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Иманкулов: “Россиянын жардамы керек…”

17.10.2022

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “Биринчи радиого” маек берип жатып Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун жолугушуусу боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, үч өлкөнүн лидерлеринин арасында ачык сүйлөшүү болду.

“Ооба, сүйлөшүүлөр болду, ал ачык өттү. Бул маселе делимитация жана демаркация маселелери убагында чечилбегендиктен келип чыккан. Президентибиз Путинге кайрылып, ансыз деле эки тараптын бир пикирге келүүсү кыйын болуп калгандыктан бул маселеде Россиянын жардамына муктаж экенин айтып, кийлигишүүнү суранды. Россия тарап бул боюнча ойлонуп, материалдарды көтөрө турганын белгиледи. Владимир Путин буга чейин да пикирин билдирген. Бирок маселе оң жагына чечилет деп ойлойм. Россия СССРдин укуктук мураскери, Москванын архивинде документтер, карталар бар”, – деди Иманкулов.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

82 300

Акыркы кабарлар