МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Кумтөр боюнча депутаттык комиссияга Исхак Масалиев төрага болду

14.10.2022

Жогорку Кеңештин «Кумтөр Голд Компани» ишканасындагы алтындын сатылышын, жалпы өндүрүштүн көлөмүн иликтөө жана Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиясына депутат Исхак Масалиев төрага болуп шайланды. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» саясий фракциясынан билдиришти.

Парламенттин 28-сентябрдагы отурумунда «Кумтөр Голд Компани» ишканасындагы алтындын сатылышын, жалпы өндүрүштүн көлөмүн иликтөө жана Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссия түзүү маселесин «Ата-Журт — Кыргызстан» фракциясы сунуштаган.

Комиссиянын курамына депутаттар Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев, Нилуфар Алимжанова, Надира Нарматова, Нурланбек Шакиев, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Шайлообек Атазов, Арсланбек Малиев, Максат Сарбагышев кирген.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

82 300

Акыркы кабарлар