МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Элдин абалын сурабаган Сурабалдиева

13.10.2022


2022-жылдын 22-сентябрынада Кудайберген базарында өрт чыгып, жыйырмадан ашуун ишкерлер чыгымга дуушар болушту. Бул өрт кырсыгы ишкерлердин тапкан ташканын күлгө айлантып күйүп кетти.


Кырсыктын себеби баш аламан, кароосуз электр зымдарынан болгону анык. Себеби, базар жетекечилиги тарабынан эч кандай өрт коопсуздугу каралган эмес.
Кырсык болгондон бери бир айга чукул убакыт өтсө дагы, элдин үстүнөн акча таап жеп келген Сурабалдиева Элвира же базарды учурда карап жаткан иниси бир басып келип элдин абалын сураганга жараган жок.


Эмгеги күйгөн ишкерлер базардагы инисинин эшигин сагалап бүгүнкү күнгө чейин жолуга албай келүүдө.

Сурабалидиевдер эл менен жолугуудан качып жан жөөкөрлөрүн жөнөтүп, кайра ишкерлерди коркутуп, үркүтүп келүүдө.
Кычыраган кыштын суугунда муздак темирдин арасында өз оокатын өткөзүп, ал аз келгенсип Элвира Сурабалдиеванын тоготпостугу менен эзүүсү кошул ташыл болуп эл кыйналып турат.


Бизге жеткен маалыматтарга караганда базардагы ишкерлер, канча жылдан бери мамлекеттин болгондо да Коргоо министрлигине тийешелүү жерге болор болбос акча төлөп, мамлекеттин казынасынан жыл сайын миллиондогон салыкты кымырып, кош бухгалтерия сыяктуу кылыктарын тизмектеп президентке чейин барабыз деп жатышат.
Биз дагы бул базар боюнча журналисттик иликтөө баштадык. Эл өкүлү Элвиранын бир топ кызыктары чыккыдай.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

82 300

Акыркы кабарлар