МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Баткенде 11 адам жабыркады

16.09.2022

Бүгүн, 16-сентябрда саат 10:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы тажик тараптын кол салуусунан 11 жаран жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ооруканага жеткирилгендердин абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Баткен облусунун бардык саламаттык сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөнүн белгилейт.

Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram