МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

ИИМ Руслан Беканазров боюнча маалымат берди

14.09.2022

Экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча иликтөө жүрүп жатат Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кылмыш иши иликтенип жатат. Интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө “Фейсбук” социалдык тармагында Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами» экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жайгаштырып, таратып жаткан аккаунт аныкталыган.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу беренеси боюнча катталган. Кылмыш ишинин алкагында 1981-жылы туулган жаран Р.Б. ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram