Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев мурнку президенттердин ордуна өлкөнү ким башкаргандыгын айтып берди.
Анын айтымында, Аскар Акавдин ордуна аялы Майрам Акаева, Курманбек Бакиевдин ордуна уулу Максим Бакиев башкарган.
Депцутат Сооронбай Жээнбеков бийликте турган үч жылда эч нерсе өзгөрбөгөнүн, соңку эки жылда иниси Асылбек Жээнбеков менен “Райым миллион” башкарганын айтты.
Депутат Шайлообек Атазов Токторбаев менен макул болгон жок.
“Сооронбай Жээнбеков келгенде Райым миллион иштен кеткен эле. Ал болгону бир бажыда орун басар, полковник болчу. Мамлекетти башкардыбы же башкаруусуна жардам бердиби? Атамбаев менен Жээнбеков бийлик талашып жатып, соцтармакта каралай берип “Дордой”, “Кара-Суу” базарларын отургузушту”, — деди Атазов.