Депутат Жусупбек Коргонбай уулу транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоевдин отставкасын талап кылууда. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Япония Ош-Раззаков автожолунун курулушуна 118 миллион доллар өлчөмүндө насыя жана грант бөлгөн.
“Акча бар, бирок министрлик тендер өткөрө албай коюшту. Жолду кеңейтели деп, тургундардын үйлөрүн талкалап салышты, бирок жол курулган жок. Министр жол сала албаса, анда кызматтан кетсин. », – деди Коргонбай уулу.