МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Депутат: “Ташиевге ичиңиз күйбөсүн. Кара санатайлыктын дагы чеги болот…”

14.09.2022

Депутат Жеңишбек Токторбаев 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча өз версиясын айтты.

Анын айтымында, бир нече күн мурун Азимбек Бекназаров УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев баатыр наамын мыйзамсыз алганын айткан.

“Урматтуу Азимбек аке, сиздин ким экениңизди эл аябай жакшы билет. Сиз кыжалат болбоңуз, ичиңиз күйбөсүн, кара ниет, кара санатайлыктын дагы чеги болот. Камчыбек Ташиевге баатыр наамын эл эчак эле, 12 жыл мурун берип койгон. 2010-жылы Июнь окуясы кандай болгонун, ким качып, ким эл менен жүргөнүн баарыбыз билебиз”, — деди Токторбаев.

Ал кошумчалагандай, Бекназаров Ташиев андан кийин качып кеткен деп айткан.

«Ал жакка баралы, элди чогултуп, Ташиев качып кеттиби деп сурайлы, мен ошол жерде болчумун, Бекназаровдун өзүн бир гана жолу көргөм.. Ошондон кийин ал качып кетти.Биз аны кайра көргөн жокпуз.Конференциянын коменданты Кубатбек Байболовду да көргөн жокпуз. Кадыржан Батыровдун университетин аткылай башташканда Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков жана Кубатбек Байболов «Каралма» пансионатында койдун этин жеп, арак ичип отурушкан », – деди депутат.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram