МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Масалиев Жапаровду кызматтан алууну сунуштады

14.09.2022

Жогорку Кеңештин депутаты “Кумтөр” иши боюнча так, толук маалыматты угууну сунуштады.

«Конституцияга ылайык, биз депутаттар президентке өкмөт башчысын бошотуу боюнча сунуш берүүгө укугубуз бар», – деди Исхак Масалиев.

“Биз башында ишенген эмеспиз, бирок ал (Теңгиз Бөлтүрүк) «таза» иштеп жатат деп айтышкан. Ал эми “таза” иштеген Акылбек Жапаров да жооп бериши керек. Эгерде анын ишенген адамы уурдаса, анда Акылбек Үсөнбекович да жазасын алышы керек”,-деди депутат.

“Конституцияга ылайык, биз депутаттар катары өкмөт башчысын бошотуу боюнча сунуш бере алабыз. Келгиле, бир жолу аракет кылып көрөлү. Анан ал кызматтан алабы же жокпу, президент чечет. Бул анын укугу. Бирок биздин да укугубуз бар”, – деди депутат.

Башкы прокуратура 13-сентябрда Бөлтүрүк “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген.

Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга чейин Башкы прокуратура “Кумтөрдү” текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган.

25-августта Кумтөргө сырттан башкаруу токтотулуп, Тенгиз Бөлтүрүккө отчет берүү буйругу берилген. 23-августта Эсеп палатасынын тийиштүү текшерүүлөрүнө байланыштуу “Кумтөр” компаниясын буга чейин жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар болгону, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганы аныкталган.

Башкы прокуратура “Кумтөрдү” августта текшере баштаган. Учурда үч кылмыш иши козголгонун белгилүү болду.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган.

Кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram