МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Чарльз Улуу Британиянын жаңы падышасы

09.09.2022

Улуу Британиянын ханышасы Елизабет II  96 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Букингем сарайы расмий жарыя кылды.

Маалыматка ылайык, Елизабет II падышалыктын Шотландиядагы жайкы сарайында көз жумган.

Елизабет II дээрлик 70 жыл Улуу Британиянын ханышасы болду. Ал Уионстон Черчиллдин өкмөт башчылыгы тушунда такка отурган. Эми монархиялык салтка ылайык анын уулу канзаада Чарльз мураскор катары Англиянын жаңы королу болуп жарыяланды.

Ханыша каза болгондо такты дароо жана салтанатсыз анын мураскери, Уэльстин мурдагы ханзаадасы Чарльзга өткөн. Бул тууралуу Би-Би-Си кабарлады. Бирок падыша болуу үчүн ал бир катар практикалык жана салттуу процедуралардан өтүшү керек

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram