МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Ферганадан Россияга окууга жөнөтүлгөн студенттер көчөдө калышты

30.08.2022

28-августта Өзбекстандан Орусиянын Краснодар жана Кубань аймагына окууга жөнөтүлгөн студенттердин тобу башпаанексиз калганы кабарланды.

Соцтармактарда жарыяланган видеодо студенттер өзбек президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылып, алардан 30-августка чейин жогорку окуу жайлардын жатаканаларын бошотуп берүүнү талап кылып жатышканын айтышты.

Студенттердин билдиришинче, аларды Фергана медициналык институтунун жетекчилиги алдап кеткен. Келишим боюнча алар Өзбекстанда үч, Орусияда эки жыл окушмак. Бирок Краснодарга келген студенттердин бир бөлүгү гана окууга кабыл алынган.

“30-августтан тарта бизди жатаканадан кууп жатышат. Бара турган жерибиз жок. Ушул тапта биздин келишимдер жокко чыгарылды, бизди студент эмессиңер деп жатышат”, – деди даттангандардын бири.

Студенттердин кабарлашынча, орусиялык жогорку окуу жайдын жетекчилиги окуу акысы үч жыл бою университеттин эсебине түшпөгөнүн, буга байланыштуу Өзбекстан менен түзүлгөн макулдашуу жокко чыгарылганын билдирген.

Студенттер келишимдин негизинде Фергана медициналык институтуна жылына 3000 доллар төлөп келишкенин айтууда.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram