МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Казакстандын шаарларында митингдер өтүүдө

30.08.2022

Казакстандын бир катар шаарларында аялдар үчүн пенсияга чыгуу курагын 58 жашка чейин төмөндөтүү талабы менен митингдер өтүүдө.

Бийлик уруксат берген акцияларды өткөрүүнү “Казакстан аялдарынын Пенсиялык куракты 58 жашка чейин төмөндөтүү кыймылы” демилгелеген.

29-августта Чымкент шаарынын Наурыз аянтында отуздан ашык аял митингге чыкты. Алар колдоруна “Пенсияга чыгуу курагын мурдагы калыбына – 58 жашка кайтарууну талап кылабыз” жана “Аялдардын гана пенсия курагын жогорулатуу – Конституцияны бузуу” деген жазууларды кармап турушту.

Бийлик уруксат берген митинг Актөбө шаарындагы Алматы райондук акимчилигинин алдында да башталды. Ага элүүгө жакын аял катышууда.

Буга чейин митингдердин уюштуруучулары мындай акциялар Нур-Султан, Алматы, Костанай, Павлодар жана Семей шаарларында да өтө турганын билдиришкен. Маалыматтарга караганда, бир катар шаарларда митингдер жергиликтүү бийлик белгилеген имараттарда чогулуш түрүндө өтүп жатат.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram