МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Ошто 13 батирге уурулукка кирген жаран кармалды

10.08.2022

Ош шаарында батирлерге уурулукка кирип жургөн жаран кармалды. Бул тууралуу аталган шаардын ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Кармалган ууру  “Батир ачкычтарын ошол эле үйлөрдүн айланасынан тапчумун. Үй ээлери кире бериштеги килемченин алдына таштап, же ташка бастырып кете берчү…” деп билдирген.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында батир уурулукка шектүү жаран О. уулу Т. кармалды. Анын убактылуу жашаган үйүнөн жалпы 13 батирге таандык болгон, сатып үлгүрө элек буюмдар табылды

Шектүү О. уулу Т. 1990-жылы туулган. Туруктуу жашаган жери Алай району. Бирок, Ош шаарына убактылуу келип-кетип жашап турган. Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө маалым болгондой, шектүү уурулук иштерин жуманын ишемби-жекшемби күндөрү, үй ээлери эс алууга же айылга жөнөп кеткенде жасаган. Ал эми ачкычтарды ошол эле батирлердин айланасынан: жерге төшөлгөн килемченин алдынан, өрткө каршы атайын орнотулган жабдуулардын үстүнөн, ташка бастырылып коюлган жеринен алып, батирлерди ачып кирген. Мисалы, шектүү Ош шаарындагы А.Масалиев көчөсүнүн тургуну 1991-жылы туулган М.Ж. аттуу жарандын үйүнө 30-июль күнү түнкүсүн уурулукка кирген. Ал үйдөн 55 миӊ сом накталай акча, баасы 35 миӊ сом болгон алтын сөйкө жана 65 миӊ сомдук кулону бар алтын чынжырчаны (цепочка) уурдап кеткен.

Ачкычты подъездеги өрткө каршы жабдуулардын үстүнөн эле тапкан. Үй ээси ошол жерге эле коюп кеткендиги маалым болду. ..

Шектүү 6-августта кармалып,Ош шаардык ички иштер башкармалыгына киргизилди. Ош шаардык соту тарабынан тергөө амалдары учурунда, 2 ай абакта кармоо боюнча санкция берилди.

Сүрөттө:кармалган шектүү

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы

10-август, 2022-жыл.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы эскертет:

Жайкы эс алуу күндөрү үй-жайыӊыздарды кароосуз, кооптуу шартта калтырбагыла!

Жайкы эс алуу күндөрү уланууда. Көптөгөн үй бүлөлөр өздөрү жашаган турак-жайларды убактылуу таштап, башка жактарга эс алууга чыгып жатышат. Мындай учурда турак-жайларга, андагы буюмдарга коопсуз шарттарды түзүп, анан соӊ жолго чыгуу маанилүү. Анткени, батир уурулары үчүн короосуз жана копсуздук чаралары сакталбаган үй-эӊ сонун уурулук жасоого мүмкүнчүлүк (Отпуск-шанс для воров).

Жогорудагыларды эске алып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгыны эскертет:

-үй кулпулары сапаттуу жана бекем бекем болушуна көӊүл буруӊуздар;

-терезелерге темир торчолорду орнотуу зарыл;

-эс алууга кыска мөөнөттө чыгып жаткан учурда дагы үйдүн ачкычтарын кире бериштеги ж.б.у.с. килемчелерге, таштын, кирпичтин алдына бастырып кете берүүгө болбойт;

-жолго чыгаар алдында бардык терезелердин ичтен бекем жабылганын, электроприборлордун өчкөндүгүн текшерүү зарыл, терезелерди ачык бойдон таштап кетпөө керек;

-узак мөөнөткө эс алууга үйдү таштап чыгып бара жатканда аны интернет барактары аркылуу жалпыга жарыя кылуунун кажети жок;

-үйдөгү бир бөлмөгө белгилүү кечки убакта жарыгы күйүп, кечкисин өчүп кала турган таймер, кыймыл учурунда тарта турган видеодатчиктерди орнотсо болот;

-мүмкүнчүлүк болсо ИИМдин күзөт кызматы же жергиликтүү жеке коргоо агентигинин кызматкерлери менен келишим түзүп, үйдү коргоого берсе болот. Бул эӊ ишенимдүү чечим.

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Жайкы эс алуу күндөрү-уурулар үчүн ыӊгайлуу мүмкүнчүлүк экендигин унутпаӊыздар, өз турак-жайларыӊыздарга, буюмдарыӊыздарга сак болуӊуздар!

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram