МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

«Кечирип кой, иним!» Абакта отургандар элди кантип алдап баштады…

10.08.2022

Социалдык тармакта абакта жазаларын өтөп жаткан жарандар элди алдоонун жаңы ыкмасын ойлоп табышкан видое тарады.

Жабыркаган жарандын айтымында, ал  Lalafo тиркемесинде жарнама аркылуу унааны ижарага алуу максатында жарнамада көрсөтүлгөн номерге телефон чалганда  унааны ээси эмес, башка адам айдап жүргөндүгүн айтышып, 10 миң сом которууну суранышкан, андан кийин алар ачкыч кайда экенин айтаарын убада кылышкан. Акчаны алгандан кийин ал кишиге түрмөнүн камерасынын сүрөтүн жөнөтүп: «Кечирип кой, иним!» деп смс жөнөтүшкөн.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram