МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Катар мамлекети Кыргызстанга 1 миллион доллар берди

10.08.2022

Катар мамлекети Бишкектеги №6 шаардык оорукананын аймагына жаңы имарат курууга 1 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, жаңы имарат үч кабаттуу болот. Объекттин аянты болжол менен 800 чарчы метрди түзүп, 75 орундуу болот.

Оорукана хирургиялык жана реанимация бөлүмдөрүнө берилет. Жаңы имаратта тез жардам бөлүмү жана травматология бөлүмү да жайгашат. «Келишимдин шарттарына ылайык, куруучу компанияны инвесторлор өздөрү тандашкан. Биз  иштин сапаттуу аткарылышын талап кылабыз», – деди Жаркынбек Касымбеков.

Курулуш иштерин бир жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда. Долбоорду “Лидер Хаус” курулуш компаниясы жүргүзөт.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram