МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Ресторанында кызды зордуктоого шектелген адам кармалды

09.08.2022

Бишкек  шаарында жайгашкан  “Алтын Казына” ресторанында жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

 Кылмышка шектүү 20 жаштагы жигит облустук милициянын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Учурда Кылмыш кодексинин “Зордуктоо” беренеси боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, 8-августта “Алтын казына” ресторанында администратор болуп иштеген бир нече адам аталган жайдын жашы жете элек официантын зордуктаганы жөнүндө маалымат тараган. Бул тууралуу зомбулукка кабылган кыздын ата-энеси коомчулукка кайрылган. Кылмышка шектүүлөр 17 жаштагы кызды ресторандын жанындагы мейманканага камап, зомбулук көрсөткөн.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram