МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Акылбек Жапаров Германияга кетти

04.05.2022

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Германияга учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы тастыктады.

Акылбек Жапаров 28-апрелде жүрөгү ооруп, ооруканага жаткырылган. Ал М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу түшкөн.

Өткөрүлгөн электрокардиография жана коронарография процедуралары инфаркт миокардды тастыктаган эмес, бирок жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталган.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

79 600

Акыркы кабарлар