МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Жалал-Абадда пара алган сот аткаруучуну кууп жүрүп кармашты

29.04.2022

Жалал-Абад шаардык Сот аткаруучулар бөлүмүнүн кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад шаарынын сот аткаруучусу О.Т.О. Сузак районунун тургунун Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренеси (соттун өкүмүн, чечимин, талабын аткарбоо) менен жоопко тартам деп коркутуп, кредитордук карызын өндүрүүнү оң жагына чечүү үчүн 20 миң сом жана 500 доллар пара сураган.

УКМК кызматкерлери бул боюнча атайын операция жүргүзүп, О.Т.О. пара алып жаткан учурда үстүнөн чыгышкан. Бирок шектүү унаасы менен качып, кызматкерлер кууп барып колго түшүрүшкөн.

Кармалган адам Сузак райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп

жатат

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

79 600

Акыркы кабарлар