ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери БЧК (Төмөнкү Ала-Арча районунда) сууга чөгүп бараткан адамды куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чөгүп бараткан адамга дароо биринчи жардам көрсөтүлүп, бир канча убакыттан кийин өзүнө келген. Жабырлануучунун айтымында, ал БЧК каналынын жанында туруп капысынан талмасы кармап, сууга түшүп кеткен.