МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

УКМК Тажикстандын Түркиядан «Байрактарды» сатып алганын төгүндөдү

29.04.2022

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Тажикстандын  Түркиядан «Байрактар» учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы тууралуу маалыматтарды төгүндөдү.

«Жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан маалыматтын алкагында, алынган ишенимдүү маалыматтарга караганда, тажик тарап «Байрактар» учкучсуз учуучу учактарды чыгаруучу “Байкар Макина” компаниясы менен, ошондой эле башка түркиялык ушуга окшогон өндүрүүчүлөр менен учкучсуз учуучу учактарды сатып алуу боюнча келишим түзбөгөндүгүн маалымдайбыз» , — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Атайын кызмат Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн тынчтык жана коңшулук саясатын жүргүзөрүн билдирет. Кыргызстан коңшу мамлекеттерге карата агрессивдүү саясатты эч качан карманган эмес жана карманбайт.

Ал эми буга чейин сатып алынган түрк учкучсуз учуучу учактары Ооганстандагы кырдаалга, Борбор Азия мамлекеттерине террордук жана диний-экстремисттик коркунучтун жогору болуп жаткандыгына байланыштуу коргонуу максатында гана алынганын эскеретти.

Буга чейин интернетте Түркия «Байрактар TБ2» дрондорун Тажикстанга сатканы боюнча маалыматтар тараган. Кыргызстандын тышкы иштер министрини милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып, муну тастыктаган эле.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

79 600

Акыркы кабарлар