МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Акылбек Жапаров ооруканага жаткырылды

28.04.2022

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жүрөгү ооруп, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу  өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров бүгүн эртең менен М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу келип түшкөн.

Өткөрүлгөн электрокардиография жана коронарография процедуралары инфаркт миокардды тастыктаган жок, бирок жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталган. Учурда Жапаровдун абалы канааттандырарлык.

Дарыгерлердин консилиумунда Акылбек Жапаровдун ден соолугун ооруканада жатуу шартында калыбына келтирүү чечими кабыл алынды.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

79 600

Акыркы кабарлар