МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Кыргыз балбандарына UWW уруксат бербесе турнирлерге катыша албайт

28.04.2022

Кыргыз балбандарына Дүйнөлүк күрөш уюму уруксат бербесе Орусия жана Беларуста өтө турган турнирлерге катыша албайт. Бул тууралуу Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев маалымат жыйынында айтты.

“Беларусь өлкөсү менен Орусияга спортто дагы чектөө коюп коюшпадыбы. Биз Дүйнөлүк федерациянын мүчөсү болгондон кийин аларга баш ийишибиз керек. Алардан уруксат алышыбыз керек. Жакында Орусияда байгеси чоң турнир өтөт экен. Мындан улам Дүйнөлүк күрөш уюмуна уруксат сураган кат жибердик. Эгер уюм макул болсо 4, 5 гана балбанды жиберебиз. Уруксат бербесе бара албайбыз. Себеби эртеңки күнү биздин балбандарды Азия оюндарына, Дүйнө чемпиондугуна катыштырбай, санкция берип коюшу мүмкүн”, – деди Турганбаев.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram