МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Токтогул районунда “гашиш” баӊгизатын сатуучулар кармалган (ВИДЕО)

27.04.2022

2022-жылдын 9-апрель күнү Кыргыз Республикасынын БМЖКККнын Жалал-Абад областык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад ОИИБна Токтогул районунда «Кылыч» аттуу жаран баңгизатын сатып жана сактап жүргөдүгү тууралуу маалымат катталган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Бул маалымат боюнча 2022-жылдын 12-апрель күнү Жалал-Абад ОИИБнын Терөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 13-апрель күнү кылмыш иши боюнча Токтогул районунун «Кылыч» аттуу атуул 1600 сомго 70 гр. гашиш баңгизаты сатып алынган.
Ошондой эле, 2022-жылдын 14-апрель күнү жогоруда көрсөтүлгөн атуул шарттуу сатып алуучуга 2000 сом акчага 110 гр. гашиш баңгизатын экинчи ирет саткан.
Ал эми, 2022-жылдын 16-апрель күнү Токтогул районунун Бишкек-Ош жолунда жайгашкан май куйуучу жайынын жанында Токтогул районунун тургундары 2001-ж.т. А. уулу К. менен 1990-ж.т. Ж.С. 100 000 (жүз миң) сомго 5 кг. 360 гр. гашиш бангизатын сатып жаткан жеринен кармалышкан.  Соттук химиялык экспертизасынын корутундусу ылайык баңгизаттардын таза салмагы 5 кг. 540 гр. болгон “гашиш” баӊгизаты экендиги аныкталган. Кармалган жарандар кылган кылмыштарын толугу менен моюндарына алышып Жалал-Абад ОИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Убактылуу кармоо жайына киргизилген.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

79 600

Акыркы кабарлар