МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

“Оң рулдуу унааларга өлкөгө киришине уруксат берүүгө биз каршыбыз»

27.04.2022

 26-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмышка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети «Кыргызстандагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин карап, аны толук четке какты.

Мыйзам долбоорунда өлкө аймагына оң рулдуу унааларды кайра алып келүүгө жана каттоого уруксат берүү маселеси көтөрүлгөн.

Оң рулдуу унаалар кабылган кырсык 2015-жылы 33,2%ды түзсө, былтыр 21% болгон. Тагыраагы, алты жылда 12%га азайган.

«Жол эрежелерине жана талаптарына ылайык, оң рулдуу унааларга тыюуну кайрадан алып салууга, өлкөгө киришине уруксат берүүгө биз каршыбыз», – деди ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

79 600

Акыркы кабарлар