МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Эльдар Сулайманов: “Мамлекеттин ээси, бийликтин бутагы – эл! Эл байыганда гана мамлекет өнүгөт”

26.04.2022

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышындагы жаш эл өкүлү, партиялык тизме боюнча көп добуш алган депутаттардын бири Эльдар Сулаймановду маек төрүбүзгө чакырдык.

Эльдар мырза сиз кантсе да жаш жана жаңы депутатсыз, өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз?

Мен өзүм Чоң-Алайдын кулуну болом, бирок Ала-Букада төрөлгөм. 2002-жылы Ч. Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк лицейин бүтүрүп, 2007-жылы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинин эл аралык экономика бөлүмүндө жогорку билим алгам. 2011-жылы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясында «Юриспруденция» багыты боюнча магистр даражасына ээ болгом.

Депутат болушуңуздун негизги максаты эмне эле?

2 жыл мурда депутат болуу же саясатга аралашуу такыр оюмда жок эле. Мен мурда мамлекеттик кызматтарда иштегем, кийин бизнес менен алектенип кеткем. 2021-жылы Ош шаардык кеңешине талапкерлигимди коюп, элдин көп добушуна ээ болуп шайлангам. Жогорку Кеңештин депутаты болуу да насип экен, Алла таалам буйруп, элибиз колдоп мандатга ээ болдук.

Ар бир адамдын максаты болот, мен кандай иш кылсам да абийир менен анан негизгиси элге пайдам тийсе экен дейм. Депутаттык мандат мен үчүн жоопкерчилик, ал эми максатым элге кызмат кылып, батасын алуу.

Ала-Арча жаратылыш паркына элдин эс алуусу үчүн шарт түзүш керек деп демилге көтөрдүңүз эле, ошол боюнча айтып берсеңиз…

Негизи Ала-Арчанын жерлерин трансформация кылыш керек деп оюмду туура эмес айтып алыпмын, ал үчүн кечирим сурайм, бирок негизги ой түшүнүктүү болду окшойт. Сиздер билесиздер Алматыда Медео, Грузияда Бакуриани деген жайлар бар, интернеттен эле издесеңиздер ал жакда укмуш шарттарды түзүп койгон, мамлекеттен акча кетпейт, инвесторлорго жакшы шарт түзсө, алар жаркыратып салып коюшмак.  Сиздер билесиздер Ала-Арчада мейманканалар бар, бирок шарты укмуш эмес.

Негизги идея борбор калабызга жакын капчыгайларга элибизе жаккан жана туристтерди тарткан мыкты эс алуучу жайларды куруу болгон. Кыргыздын жерлери керемет, бейиштин төрүндөй болгон өлкөдө жашайбыз. Бирок, кооздукту көрүү үчүн жолго чыкканда асфалттын жоктугу, шарттардын жоктугу өкүндүрөт.  Ачыгын айтканда чет өлкөдөн коноктор же болбосо айылдан сыйлуу адамдар келгенде Бишкектин четине алып бара турган саналуу гана эс алуучу жайлар бар, алардын бири Чуңкурчак! Келип жүргөндөр билесиздер ал жакда жол начар! Ал эми жолу шүгүр болгон жана шаарга жакын бул Ала-Арча капчыгайы. Ошондуктан ал жака мыкты шарттарды түзүп койолу деген ойду айткам.  Алыска барбай Грузияны алалы, элинин саны да, территориясы боюнча да бизден чакан, бирок туризмден гана 3 миллиард доллар акча табышат экен.  Биз дагы жолдорду оңдоп, туристтерди кызыктырган жайларды курсак, туристтердин көбөйүшү менен элдин да чөнтөгү калыңдап калмак!  Мамлекеттин ээси, бийликтин бутагы – эл! Эл байыганда гана мамлекет өнүгөт, ошондуктан элибизге шарт түзүп, орто жана чакан бизнестердин өнүгүшүнө өбөлгө түзүшүбүз керек.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

79 600

Акыркы кабарлар