МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

ЖК комитети Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин жактырды

26.04.2022

Бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин карады.

Ал тууралуу Президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

Комитет мүчөлөрү Кулубаевди министр кызматына дайындоого макулдук берди. Чечим парламенттин кароосуна жөнөтүлдү.

25-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кулубаевдин талапкерлигин жактырган.

Жээнбек Кулубаев 22-апрелде тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ага чейин президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

79 600

Акыркы кабарлар