МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Көп кабаттуу үйдүн терезесинен боюн таштаганы жаткан аял куткарылды

26.04.2022

Ошто көп кабаттуу үйдүн терезесинен боюн таштайын деген аялды куткарып калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аял терезесинде туруп, боюн таштоого аракет кылып жатканын Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринин тургундары куткаруучуларга кабарлаган. Окуя болгон жерге алты куткаруучу барып, аялды аман алып калды.

Учурда окуянын чоо-жайы аныкталып жатат.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

79 600

Акыркы кабарлар