МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Турция россиялык учактар үчүн аба мейкиндигин жапты

25.04.2022

Турция Сирияга учкан россиялык аскерий жана жарандык учактар үчүн аба мейкиндигин жапты. Бул тууралуу Түрциянын маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Сирияда Орусиянын аскердик контингенти, анын ичинде согуштук учактар бар.

Ошондой эле, Босфор кысыгы аркылуу да аскердик кемелердин өтүүсүнө тыюу салынган. Ал эми Түрция чек араларынын жабышынын себеби Украинадагы согушка байланыштуу деп маалымдап жатат.

Бир айда учууга үч жолу уруксат берилген. Мөөнөтү аяктагандан кийин Түрция тарап аны узарткан эмес. Мунун себептери айтылган жок.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

79 600

Акыркы кабарлар