МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Депутат Улан Бакасов Адахан Мадумаровду кагазга жазылган текстти окуп кайым айтышты

20.04.2022

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов кесиптешине карата айткан сып-пикирин кагазга жазып алып окуганы талкууга алынды. Анда комитет жыйынында эл өкүлү Адахан Мадумаровго кайрылып, жашын сыйлап көп сөз айтпай жатканын белгилеп, кагазга жазып алган текстти окуду.

“Адахан Кимсанбаевич, биз сизди жашыңызды карап сыйлап жатабыз. Биз тарапка көп сын-пикир айтып жатасыз. Ар бир маселеге оюбуз, пикирибиз бар, эч кимдин ээрчимеси эмеспиз. Өткөндө бул маселеге каршы болгонбуз, долбоорду колдогонбуз. Өзүңүз угуп жатасыз, “ARIS`тен” башка эч ким кыла албайт деген үчүн колдоп жатабыз. Андан тышкары менин кесиптешиме жообун аласың деп жатасыз. Эч кандай жооп албайт. Биздин айткан сөздөргө эч кандай комментарий бербейсиз, берсеңиз өзүңүзгө тиешелүү сөздөрдү угасыз. Мындан кийин акыл айтканды токтотуңуз”, – деди ал.

Ал арада Адахан Мадумаров бир дагы депутаттын атын, фамилиясын атабаганын, Жогорку Кеңештин позициясын билдирип жатканын билдирди.

“Шымыңарды чечип, башыңарга кийип алгыла” дегенди өзүңөргө албагыла. Эгерде бул сөздү өзүңөргө алсаңар, анда ошолордун бир тууганы болушуңар мүмкүн. Өкмөткө айткан сөзгө тызылдап кетсеңер ордуңарды алмаштыргыла да трибунага чыккыла”, – дейт Мадумаров.



Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

79 600

Акыркы кабарлар