МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Бакуда Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

20.04.2022

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде Баку шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар максималдуу натыйжаларга жетише аларына ишенимин билдирди.

Ал белгилегендей, стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюу маанилүү окуя, анткени эки тараптуу кызматташтыктын жылдарында өлкөлөр ортосунда мындай жогорку деңгээлдеги мамилелер болгон эмес.

“Стратегиялык өнөктөштүк чоң пайда жана чоң жоопкерчиликти билдирет. Келечекте биз эл аралык структураларда бири-бирибизди колдоп, эки тараптуу жигердүү иш алып барарыбызга ишенем”, – деди Азербайжандын президенти.

Ильхам Алиев кошумчалагандай, көзмө-көз жолугушууда маселелердин кеңири чөйрөсү – инвестициялык долбоорлор боюнча кызматташуу, айыл чарба тармагындагы кызматташуу жана транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү талкууланды.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Ильхам Алиевге кайрылып, Достук жана кызматташтык келишиминин 25 жылдыгынын алдында жана өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгынын алдында өтүп жаткан бул жолугушуунун символикалуулугун белгиледи.

Ал Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок экенин канааттануу менен белгиледи.

“Андыктан, биз мына ушундай жагымдуу шарттарды пайдаланып, жаратман күч-аракеттерди бириктирүү менен эки өлкөнүн бир тууган элдеринин жыргалчылыгы үчүн кызматташтыгыбыздын көлөмүн арттырууга тийишпиз”, – деди президент.

Садыр Жапаров баса белгилегендей, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү терең кайра жаралуулар тараптарга жаңы типтеги мамилелерди курууга тарыхый мүмкүнчүлүк берип, айрыкча соода-экономикалык чөйрөдө практикалык кызматташуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

79 600

Акыркы кабарлар