МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Акжол Махмудов финалга чыкты

19.04.2022

Акжол Махмудов Монголияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты. Кыргызстандык балбан грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашууда.

Биринчи бөлүктө Ирандын өкүлү жеңишке жетишсе, экинчи бөлүктө кыргызстандык катары менен 9 упай топтоп, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти. Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Махмудов Кореядан келген балбан менен беттешип, аны 4:1 эсебинде жеңип алды. Чемпиондук кур үчүн ал казакстандык балбан менен күрөшөт.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1650

79 600

Акыркы кабарлар